Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков "Адистиктин легендасы - келечекке салым" аттуу эл аралык сыйлыкка ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземи Москвада "Педиатриядагы онкология жана хирургиянын актуалдуу маселелери" II Россия конгрессинин алкагында өттү.
Дарыгердин айтымында, сыйлыкты ага окуу китептери көп жылдар бою багыт берип келгенбелгилүү академиктер Александр Румянцев менен Владимир Поляков тапшырышкан.
"Мен үчүн мугалимдеримдин алкышын алуу баа жеткис болду. Бул мен үчүн чоң сыймык жана өтө символикалуу", - деп бөлүштү Стамбеков.

Иш-чарага Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко жана дүйнөлүк медициналык коомчулуктун алдыңкы өкүлдөрү катышты. Дарыгер ошондой эле Дмитрий Рогачев атындагы борбордун директору Николай Грачевго жана профессор Ольга Алейниковага ишеним көрсөтүп, Кыргызстандын атынан эл аралык аренада чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал конгресс жогорку деңгээлде өткөнүн жана кесиптик байланыштарды бекемдөө үчүн аянтча болуп калганын белгиледи.

" Биздин балдар онкологиясы мектебибиз эл аралык аренада көрсөтүлгөнүнө сыймыктанам. Академик В.Поляковдун докладында биздин сүйүктүү мугалимибиз Камарли Закир Пашаевич СССРдеги алгачкы балдар онкологдорунун бири катары аталып, балдар онкологиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары өзгөчө көрсөтүлдү. Бул абдан кубанычтуу болду. Бул сыйлык жеке эмес, жалпылык — бул балдардын ден соолугу үчүн күн сайын күрөшкөн ар бир адамга таандык", - деп баса белгиледи онколог.