Москвада мончодо орун алган окуя. Россиянын прокуратура жана Миграция кызматы текшерүүлөрдү баштады

Коом Загрузка... 17 Апрель 2025 10:14
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 17.04.25./Кабар/. Москвадагы мончодо кыргызстандык мигранттар менен орун алган окуя боюнча Россиянын прокуратура жана Миграция кызматы текшерүүлөрдү баштады. Бул тууралуу Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен болгон жолугушууда билдирди.

Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу Москва шаарында КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынынын алкагында орун алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн укук коргоочулары Кыргызстандын жана Россиянын жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жамиля Жаманбаева 2025-жылдын 10-апрелинде Москва шаарындагы “Бодрость” мончо комплексинде болгон окуя боюнча тынчсыздануусун билдирди.

«Видео кадрларда кыргыз жарандарынын массалык кармалышы учурунда күч колдонуунун негиздүүлугүнө суроолор жаралат. Кыргыз жарандарына карата ар кандай административдик же күч колдонуу чаралары процесстик укуктарды, эл аралык милдеттемелерди сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун толук укуктуу мүчөсү», – деди ал.

Акыйкатчы россиялык кесиптеши Татьяна Москальковадан биздин жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранды.

Татьяна Москалькова бул окуя боюнча анын кайрылуусунан кийин Россиянын прокуратура жана Миграция кызматы текшерүүлөрдү баштаганын маалымдады.

«Бул окуяга мен реакция жасадым жана аны жеке көзөмөлдөйм. Учурда биздин өлкөдө коопсуздукту күчөтүү талап кылынууда. Бирок, коопсуздук чараларын күчөтүү менен бирге мыйзамдуу жүргөн адамдардын укуктары бузулбашы керек.

Жакында Шереметьево аэропортунда эмгек мигранттарына катаал мамиле болуп, документтери узак текшерилип жатканы тууралуу маалымат алдык. Бул маселени Чек ара жана Бажы кызматынын жетекчилиги менен биргеликте карап чыгып, тиешелүү чараларды көрдүк. Мындан ары дагы ар бир конкреттүү учур боюнча иш алып барууга даярбыз», – деди Россиянын акыйкатчысы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Акыйкатчы институту чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет жерлердеги элчиликтери менен өз ара аракеттенүүнү улантат.