Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен Россиядан ата-энесинин камкордугусуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды.
Ведомствонун маалыматына караганда, буга чейин социалдык тармактарда Москвада Кыргызстандын жаранынын жашы жете элек баласы ооруканага жаткырылып, энеси полиция тарабынан кармалып, өлкөдөн чыгарылганы тууралуу маалымат тараган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө үч бир тууган 2026-жылдын 3-июлунда Москвадагы балдар реабилитациялык борборуна ата-энесинин камкордугусуз калган балдар катары жайгаштырылганы аныкталган.
Министрдин тапшырмасы менен балдар Кыргызстанга кайтарылып, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында атасына өткөрүлүп берилди.
ИИМ жашы жете элек балдардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо боюнча иштерди улантарын билдирди.