Москвада кармалган кыргызстандыктарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө - элчилик

Коом Загрузка... 14 Апрель 2025 16:06
WhatsApp Image 2025-04-14 at 17.37.20.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Москвада кармалган кыргызстандыктарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, Москва шаарындагы мончо комплексинин биринде тартылган видео жарыялангандан кийин, Кыргызстандын жарандары документтерин текшерүү жана Россиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн аныктоо максатында Москва шаарынын Тимирязев районунун ИИМ бөлүмүнө жеткирилген.

Бул окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Кыргызстандын элчилиги ошол жарандар менен байланыш түзүп, учурда тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.

Ошол эле учурда рейд учурунда Россиянын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат такталууда.

Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө турат.