Бишкек, 17.08.25 /Кабар/. 20-21-августта Москва шаарында Евразиялык кызматташтык эл аралык уюму (ЕКЭУ) кезектеги “Жаңы доор – жаңы жолдор” дүйнөлүк форумун өткөрөт.
Форумдун негизги темасы – Россиянын президенти Владимир Путин тарабынан демилгеленген “Евразиялык ири өнөктөштүк”: “Евразиялык ири өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн демилгелери жана куралдары” болот.
Иш-чарага 55 өлкөдөн 1000ден ашык делегат жана 120дан ашык баяндамачы катышат.
Төмөндөгүдөй 18 тематикалык сессия каралат:
- Евразиялык ири өнөктөштүктү өнүктүрүү стратегиясы – интеграциянын багыттары, ЕАЭБ, БРИКС, ПБАМКК сыяктуу көп тараптуу форматтардын ролу;
- Жаңы финансылык инструменттер – криптовалюта, санариптик активдер, чек ара аркылуу эсептешүү, эл аралык лизинг;
- Санариптештирүү жана инновациялар – өнөр жайда жасалма интеллект, кооперация, кичи жана орто бизнести колдоо, жогорку технология жана логистикалык коридорлор;
- Аймактар менен байланыштарды күчөтүү – Индия, Перс булуңу, Азия, Африка, Латын Америкасы; инвестициялар жана соодадагы тең салмактуулук;
- Бизнестеги укуктук коргоо – санкцияларга ыңгайлашуу, коррупцияга каршы чаралар, мыйзамдарды шайкештештирүү, арбитраждык механизмдер.
Алты мамлекеттин өкүлдөрү эл аралык лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшат. Документте ЕКЭУнун базасында интеграциялык борбор катары Эл аралык лизингди өнүктүрүү кеңешин түзүү программасы көрсөтүлөт. Кеңешке Россия, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Армения жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кирет.