Москвада "Ак кеме" жана "Күн кармаган бала" спектаклдери коюлду

Маданият 16 Октябрь 2025 18:05
559941831_1221076893385444_6573147908584410814_n.jpg
560467833_1221076946718772_7462202282955406518_n.jpg
561189814_1221076950052105_213033288512516457_n.jpg
561627432_1221076943385439_2714961273573539833_n.jpg
565116604_1221077050052095_7029606253874768703_n.jpg
Алдыга
Артка
559941831_1221076893385444_6573147908584410814_n.jpg
560467833_1221076946718772_7462202282955406518_n.jpg
561189814_1221076950052105_213033288512516457_n.jpg
561627432_1221076943385439_2714961273573539833_n.jpg
565116604_1221077050052095_7029606253874768703_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстандын Россиядагы элчилиги

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. 11-октябрда Москва шаарындагы Мамлекеттик академиялык Кичи театрдын сахнасында КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча коюлган "Ак кеме" спектакли көрсөтүлдү.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, спектакль "Ири гастролдор" программасынын алкагында Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы музыкалуу драма театры тарабынан коюлган.

Элчи Кубанычбек Бөкөнтаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Россиянын маданий кызматташуусу өнүгүп жатканын, кыргыз театрларынын алдыңкы өкүлдөрүнүн Кичи театр сыяктуу тарыхый сахнада чыгармачылык алмашуусу эки элдин маданий байланышынын жандуу далили экенин белгиледи.

Элчи театр жамаатын ийгиликтүү спектакль менен куттуктап, Ч.Айтматовдун чыгармасынын оригиналдуу чечмеленишин, актёрлордун жогорку чеберчилигин жана көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусун белгиледи.

Иш-чарага белгилүү орус маданият жана искусство ишмерлери — А.А. Золотов, В.С. Спесивцев, Г.А. Заславский жана Москвада жашаган мекендештер катышты.

2025-жылдын 12-октябры күнү ушул эле сахнада Ысык-Көл театры "Күн кармаган бала" аттуу драманы көрсөттү. Бул спектакль 2023–2024-жылдары өткөн эл аралык театр фестивалдарында үч ирет Гран-при сыйлыгын жеңип алган.