Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Москва районундагы жер мафиясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан Москва районунун Нарзан айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Москва району боюнча бөлүмүнүн мурдагы жана иштеп жаткан кызмат адамдары жетектеген "жер мафиясы" деп аталган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
"Коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарзан айылдык кеңешинин төрагасы К.Т.К. айрым кызмат адамдары менен жең ичинен келишип алып Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондуна тиешелүү болгон жер тилкелери боюнча 2013-жылкы картографиялык иш кагаздарын жасалмалагандыгы аныкталган.
Жасалма иш кагаздардын негизинде жалпы аянты 16,84 га болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарылып, К.Т.К.нын жана ага тиешелүү болгон тараптардын пайдасына жеке менчик жерлери катарында таризделген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, кылмыштуу схеманын уюштуруучучу К.Т.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда кылмыштуу схеманын баардык катышуучуларын аныктоого, Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондуна тиешелүү болгон жерлерди мыйзамсыз ээликтен чыгаруу боюнча дагы башка фактыларды аныктоого, ошондой эле келтирилген зыяндын көлөмүн тактап, ордун толтурууну камсыз кылууга багытталган бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.