Москва районунда томолой жетим балдар жер тилкелерине ээ болду

Коом Загрузка... 04 Июль 2025 12:12
515441178_1050926080559777_1761171125354491339_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Москва районунда томолой жетим эки бала жер тилкелерине ээ болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва райондук прокуратурасы тарабынан томолой жетим балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүдө 2 томолой жетим бала жер тилкелери менен камсыз болбогондугу аныкталган.

Прокурордук чара көрүү актыларынын натыйжасында 2 балага укук таануучу документтер тапшырылып, жер тилкелерге ээ болушту.