Москва районунда стадиондун тосмосу урап түшкөн: Куруучу компанияга айып салынды

Аймак 26 февраль 2025 15:52
480810968_1141234210808960_386688529097656532_n.jpg
480872600_1141234220808959_7315137189181016088_n.jpg
480932610_1141234180808963_5662927876231622183_n.jpg
481068832_4037827923208214_3140802484696315355_n.jpg
481082665_1141234127475635_445607220350514399_n (1).jpg
Алдыга
Артка
480810968_1141234210808960_386688529097656532_n.jpg
480872600_1141234220808959_7315137189181016088_n.jpg
480932610_1141234180808963_5662927876231622183_n.jpg
481068832_4037827923208214_3140802484696315355_n.jpg
481082665_1141234127475635_445607220350514399_n (1).jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Москва районунда жаңы стадиондун тосмосу урап түшүп, куруучу компанияга айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун социалдык тармактарда стадиондун тосмосунун кулашы боюнча маалымат тараган. Бул окуяга байланыштуу Чүй облустук мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн.

Анын жүрүшүндө жумуштардын буйрутмачысы Нарзан айыл өкмөтү болгондугу жана подрядчы "Нефрит ЛТД" ЖЧКсы экендиги белгилүү болду. Жумуштар эски тосмонун алмаштыруу долбоору боюнча жүргүзүлгөн. Бирок текшерүү көрсөткөндөй, жаңы курулуш бекемдик жана туруктуулук боюнча белгиленген талаптарга жооп бербейт.

Көрүлгөн чаралар:

  • текшерүү актсы түзүлүп, аныкталган бузуулар жөнүндөгү фактылар тастыкталды;
  • подрядчыга аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилди;
  • "Нефрит ЛТД" ЖЧКсына мыйзамга ылайык айыппул салынды;
  • подрядчынын директору менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, болгон окуянын себептери боюнча жазуу түрүндө түшүндүрмө алынды.