Москва районунда мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып салынды

Аймак Загрузка... 13 Октябрь 2025 16:15
559367719_1317481843184195_4148165715371645508_n.jpg
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен маалымдашкандай, Садовое айылынын Совет көчөсүндөгү газ куюучу станциянын курулушка тиешелүү долбоордук уруксат документтери жок болуп чыкты.

Натыйжада мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу турүндө эскертүү берилди. Ошондой эле протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Министрликтен белгилешкендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө.