Москва районунда бензинди мыйзамсыз саткан май куюучу жай аныкталды

Аймак Загрузка... 19 Март 2026 14:25
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Москва районунда бензинди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Садовое айылындагы май куюучу жайлардын биринде күйүүчү май милдеттүү молекулярдык маркерлери жок сатылып жаткан.

Эреже бузуу атайын анализатордун жардамы менен аныкталып, ал күйүүчү-майлоочу майдын курамында маркер жок экенин көрсөткөн. Мындан тышкары, мыйзам бузуу фактысы "Учкун" ААКта жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен да тастыкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 579 миң сомдон ашык болгон 8,5 миң литр күйүүчү май алынды.

Салык кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып өлкө аймагында бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген. Бул талап импорттолгон күйүүчү-майлоочу майларга да, жергиликтүү өндүрүштөгү продукцияларга да тиешелүү. Молекулярдык маркери жок күйүүчү майды алып кирүүгө, ташууга жана сатууга тыюу салынат.