Ортомчусуз соода: Москва районунда азык-түлүк жарманкеси өттү

Аймак 02 Март 2026 09:55
644920802_122204869622341273_6082898134017527095_n.jpg
643929809_122204869658341273_7212655022873870812_n.jpg
644359176_122204869496341273_2773884769364900577_n.jpg
644513916_122204869694341273_7935649445689484236_n.jpg
645510766_122204869460341273_2511578592316885730_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда азык-түлүк жарманкеси өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Беловодское айылында өткөрүлгөн иш-чарада тургундарга жеткиликтүү жана туруктуу баада эт, сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана негизги тамак-аш азыктары сунушталды. Жарманкеге жергиликтүү дыйкан, фермердик чарба жана кайра иштетүүчү ишканалар катышып, ортомчусуз соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Жарманке калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, баалардын негизсиз өсүшүн алдын алуу, ошондой эле өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түз байланышты түзүү максатында уюштурулду.

Министрликтен белгилешкендей, өлкө боюнча азык-түлүк кору жетиштүү деңгээлде камсыздалган жана ички рынокто негизги тамак-аш азыктарынын баа туруктуулугун камсыздоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.