Москва районунда 2,2 га көлмө 30 жыл бою мыйзамсыз пайдаланылып келген

Аймак 5 сентябрь 2025 11:55
WhatsApp Image 2025-09-04 at 16.20.19.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 16.20.20.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-04 at 16.20.19.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-04 at 16.20.20.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Москва районунда 2,2 га көлмө мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Москва районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан көлмөгө байланышкан мыйзам бузуу аныкталды.

Белгиленгендей, "Марьям" кооперативи 1995-жылдан бери жалпы аянты 2,2 гектар болгон көлмөгө мыйзамсыз ээлик кылып келген.

Учурда Москва райондук администрациясынын жана райондук прокуратуранын көмөгү менен аталган көлмөнү мамлекеттик менчикке кайтаруу иштери жүргүзүлүп жатат.