Москва райондук прокуратурасы жаңы имараттуу болду

Аймак 25 Ноябрь 2025 15:35
586976894_1167031065615944_4826454995334980523_n.jpg
587830634_1167030655615985_4793896009317282762_n.jpg
588045586_1167030605615990_1012467498105558317_n.jpg
590060433_1167030735615977_4056677588268520576_n.jpg
589182102_1167030695615981_6922442976025827832_n.jpg
586956427_1167031045615946_7096507657014103126_n.jpg
588631616_1167030775615973_2891614488175690820_n.jpg
589324254_1167031018949282_4415068307285236059_n.jpg
588449949_1167030802282637_4142363236322040032_n.jpg
589074786_1167030532282664_8662617603536584070_n.jpg
588909180_1167030888949295_1058543217764631677_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Бүгүн Москва райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Имараттын ачылышына башкы прокурор Максат Асаналиев катышып, өз сөзүндө жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишин сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө, жарандарды укуктук жактан ыкчам жана натыйжалуу тейлөөгө, ошондой эле кызматкерлер үчүн бардык шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун билдирди.

"Учурда өлкөбүздөгү прокуратура органдары үчүн дагы бир катар жаңы административдик имараттар жана кызматтык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Бул өлкө жетекчилигинин укук коргоо тутумун чыңдоого жана прокуратура кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көрүп жаткан зор камкордугунун айкын далили болуп саналат", — деди ал.

Белгиленгендей, Москва райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды.