Москва көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Коом 31 июль 2025 15:50
1753936752_large.jpeg
1753936685.jpeg
1753936699.jpeg
1753936705.jpeg
1753936717.jpeg
Алдыга
Артка
1753936752_large.jpeg
1753936685.jpeg
1753936699.jpeg
1753936705.jpeg
1753936717.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 31.07.25 /Кабар/. Бишкекте бүгүн Москва көчөсүнүн Асаналиев  (Некрасов) көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп, жаңы бордюрлар орнотулуп, ысык асфальт төшөлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен кабыл алган шаар тургундарына ыраазычылык билдирет.