Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салууну күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Министрлик Дүйнөлүк банк менен биргеликте атаандаштык мыйзамдары боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн бизнес-коомчулуктун жана кызыкдар тараптардын катышуусунда эксперттик жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында өлкөдө ачык жана калыс атаандаштык чөйрөсүн түзүүгө багытталган келечектеги мыйзам долбоорунун концепциясы сунушталды.
Документте жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү, атаандаштыкка каршы мыйзамдардын сакталышына болгон талаптарды күчөтүү жана товардык рыноктордо ачык-айкындуулукту жогорулатуу каралган.
Ошондой эле Монополияга каршы комплаенс институтун киргизүү, үстөмдүк кылган субъекттердин мамлекеттик реестрин алып салуу, атаандаштыкка каршы макулдашууларга жаңы тыюу салууларды киргизүү жана адилетсиз атаандаштыкты алдын алуу максатында жалган маалымат бергени үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралган.
Жолугушуунун катышуучулары сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жигердүү талкуулап, ишкердик жүргүзүүдө болгон тоскоолдуктарды белгилеп, мыйзам долбоорунун мазмунун жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизишти.
Монополияга каршы комплаенсти киргизүү маселелери жана адилетсиз атаандаштыкты алдын алуу механизмдери айрыкча кызыгууну жаратты.