Монголиядан тажрыйба алып койдун жүнүн калдыксыз иштетүүнү жолго коюшубуз керек - Чыналиев

Экономика Загрузка... 23 Июль 2025 12:20
WhatsApp_Image_2025-07-22_at_16_TAsUwRV.22.58.width-800 (1).jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Монголиядан тажрыйба алып биздеги эт, май породасындагы койлордун кылчыктуу жүнүн калдыксыз кайра иштетүүнү жолго коюшубуз керек. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Монголия менен Кыргызстан тоолуу, айыл чарбасына анын ичинен мал чарбачылыгына басым жасаган өлкөлөр катары көп окшоштуктары бар.

“Монголияда малдын башы биздикинен көп, жайыт аянттары да чоң болуп мал чарбачылыгы кеңири. Ошондуктан мал чарбачылыгы тармагында кызматташуу маселеси көтөрүлүп, буга чейин Монголиянын тармак боюнча эксперттери Кыргызстанга, Кыргызстандыкы Монголияга барып эки өлкөнүн жүн, тери кайра иштетүүчү ишканалары менен таанышышкан. Ошонун негизинде бул макулдашуу келип чыкты”,- деди Мухтар Чыналиев.

Белгилей кетсек, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталып кол коюлган документтердин бири Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Монголиянын тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосундагы жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.

Департаменттин директору билдиргендей, аталган меморандум төрт пункттан туруп, биринчиден тажрыйба алмашууга, ааламдашуу шартында өндүрүштө кызматташып, биргеликте эффективдүүлүккө жетүүгө багытталган.

“Экинчиден кайсы бир ишканалар туруктуу иштөө үчүн бизге Монголиядан чийки зат керек болууда. Мына ушул маселелер талкууланып, тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Монголияда деле бизге окшош кой, эчки, топоз, уй, жылкы багышат экен. Ошондуктан бир гана койдун жүнүн эмес, эчкинин тыбытын, топоздун, төөнүн жүнүн кайра иштетүү, кашемир өндүрүү сыяктуу жетишкендиктери бар”,- деди ал.

Түз эфирде маалымдалгандай, учурда Кыргызстанда 7 млн, Казакстанда 18 млн баш кой бар болсо, Монголияда 44 млн кой, ал эми кой-эчкиси биригип 64-70 миллиондун тегерегин түзөт. Бирок, Монголияда союз таркаган мезгилде койдун саны 20-25 млн болгон. Ошол кезде Казакстанда 35 млн, ал эми Кыргызстанда 11 млн кой болгон.