Монголиядагы турнирде кыргызстандык балбандар дагы 1 коло, 2 күмүш медаль жеңди

Спорт 30 Май 2025 10:37
254179_d577491.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
204165_20fb20a.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
ulan-muratbek-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
254179_d577491.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
204165_20fb20a.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
ulan-muratbek-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Монголиядагы мелдеште кыргызстандык балбандар дагы 1 коло, 2 күмүш медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, Улан-Батор шаарында “Ulaan-Baatar Open” эл аралык мелдеши өтүп жатат.

Анда 72 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан балбан Ырыскелди Хамзаев коло медалга ээ болду.

Ал эми Улан Муратбек уулу (55 кг) менен Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) 2-орунду камсыздап, күмүш медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, Монголия өтүп жаткан 3-рейтингдик турнир 1-июнга чейин созулат.