Монголияда кыргыздарга байланыштуу илимий изилдөө жүргүзүлөт

Маданият Загрузка... 13 Август 2025 15:54
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. 14-28-август аралыгында Монголияда кыргыздардын, кыргыз тектүү этностордун, ошондой эле кыргыздар менен байланышкан тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын илимий жактан изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министр Мирбек Мамбеталиев Баян-Улгий жана Увс аймактарында илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында кетип жаткан жумушчу топ менен жолукту.

Илимий изилдөө КР президентинин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" жарлыгынын алкагында жүргүзүлөт.

Мамлекет тарабынан алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул экспедиция Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы этномаданий жана тарыхый байланыштарды кайра жандандыруу, ошондой эле жоголуу коркунучунда турган руханий жана материалдык мурастарды сактап калуу максатында жүргүзүлөт.

Бул Кыргызстандагы этнография, тарых, фольклористика, лингвистика жана тарыхый география тармактары үчүн жаңы булактарды ачууга багытталган.

Белгилей кетсек, бул изилдөөнүн жыйынтыгы менен Маданият министрлиги тарабынан илимий басылма жарыкка чыгып, документалдуу фильм тартылат.