Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын орун басары Айдана Жупуева "Кабар" агенттигинин түз эфиринде алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлерге кандай талаптар коюларын айтып берди.
Анын айтымында, мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоодо 30 округ иштейт жана ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет.
Талапкерлерге коюлган негизги талаптар:
- Кыргызстандын жараны болуу;
- жашы 25тен кем эмес;
- жогорку билимдүү;
- мамлекеттик тилди билген;
- өлкө аймагында кеминде 5 жыл жашаган;
- 5 жылдан бери диний ишмердүүлүгүн токтоткон;
- соттолбогон;
- уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбошу керек.
"Талапкерлер 300 миң сом шайлоо күрөөсүн төлөшү шарт. Мурда төлөнгөн шайлоо күрөөсүнүн 5 пайызы кармалып, калганы кайтарылып берилсе, эми ал кайтарылбайт жана республикалык бюджетке өткөрүлөт", - деп билдирди ал.
Эскерте кетсек, күн мурун Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттары өзүн-өзү тараткан. Маалым болгондой, кийинки парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтөт.