Мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Талапкерлердин саны 437ге жетти

Шайлоо Загрузка... 23 Октябрь 2025 13:10
22.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. 23-октябрга карата 437 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, азыр тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Боршайкомдун маалыматына караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2 492 шайлоо тилкеси ачылат.