Шайлоо. Ошто коопсуздук маселеси талкууланды

Шайлоо 13 Ноябрь 2025 14:38
583045171_122191315154368081_1695924308186245854_n.jpg
581018385_122191315064368081_6581708331996249073_n.jpg
581028002_122191315028368081_5478138181318463640_n.jpg
581519470_122191315100368081_5844655029164800421_n.jpg
581539553_122191315118368081_6050342950509027237_n.jpg
581566039_122191315034368081_1214392564031060092_n.jpg
582357749_122191315130368081_5352605033631763189_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Бүгүн Ош облусунда Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо маселелерине арналган жыйын өттү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга облус башчысынын биринчи орун басары Илияз Ташбаев төрагалык кылып, ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын, ички иштер органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Чек ара кызматынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында шайлоо учурунда жана ага даярдык көрүү мезгилинде коомдук жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу, террордук жана экстремисттик коркунучтардын алдын алуу боюнча маселелер талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында укук коргоо жана мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди. Атап айтканда, шайлоо тилкелеринин жана стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, патрулдук жана күзөт кызматтарын күчөтүү, өрт жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүү милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөт.