Парламенттик шайлоо. Кыргызстанга ЕККУнун байкоочулары келди

Шайлоо 21 Октябрь 2025 14:21
568148211_1231554575674717_1045219613227057348_n (1).jpg
568148211_1231554575674717_1045219613227057348_n.jpg
568188329_1231554735674701_6715936006921635346_n.jpg
568354350_1231554709008037_6608207519804633502_n.jpg
568356738_1231554792341362_3256708829665689935_n.jpg
568533111_1231554745674700_6139363760233187637_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ТИМ

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун шайлоолорду байкоо миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, ЕККУнун миссиясы Кыргызстанга парламенттик шайлоолорду байкоо үчүн келген, ошондой эле 30 узак мөөнөттүү жана 300 кыска мөөнөттүү байкоочуну жөнөтүүнү пландаштырууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык байкоочулардын ишин уюштуруу маселелерин талкуулашты. Министр Ж.Кулубаев кыргыз тарап байкоочуларга өз милдеттерин толук кандуу аткаруусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенин тастыктады.

Тышкы иштер министри ошондой эле эл аралык байкоочулар Кыргызстан тарабынан шайлоо процессине эң кеңири жана ачык мониторинг жүргүзүү максатында чакырылганын баса белгиледи. Ал ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросуна Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзүү үчүн миссияны жөнөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрдин пикиринде бул шайлоолор коомдун демократиялык негиздеринин туруктуулугун сыноо жана өлкөдөгү демократияны андан ары бекемдөө жолундагы кезектеги кадам болуп саналат.