Мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Өлкөдөгү шайлоочулардын жалпы саны айтылды

Шайлоо Загрузка... 26 Сентябрь 2025 12:41
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева "Кабар" агенттигинин түз эфиринде учурда Кыргызстанда канча шайлоочу бар экенин билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын сентябрь айына карата шайлоочулардын саны 4 млн 237 миң адамды түзөт.

"Бизде 30 округ болот. Ар бир округга болжол менен 140 миңден шайлоочу туура келет. Бирок, бир округда 140 миң шайлоочу, ал эми экинчисинде 150-165 миң шайлоочу болушу мүмкүн.

Башкача айтканда, болжол менен 20 пайыз айырмачылык болот. Мунун баары мыйзамдын чегинде жана Конституциялык мыйзамда мындай айырмачылыкка жол берилери жазылган", — деп белгиледи БШКнын төрайымынын орун басары.

Эскерте кетсек, күн мурун Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттары өзүн-өзү тараткан. Маалым болгондой, кийинки парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтөт.