Жогорку Кеңешке шайлоо. Дагы 170 эл аралык байкоочу катталды

Шайлоо Загрузка... 13 Ноябрь 2025 09:15
thumbs_b_c_86417e8e_wdWXH3A.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 12-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 170 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКнын токтому менен эл аралык байкоочу катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:

- Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;

- Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;

- Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын;

- Египет Араб Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын;

- Ислам кызматташтык уюмунун;

- Кыргызстандагы Кытай элчилигинин;

- Кыргызстандагы АКШ элчилигинин;

- Кыргызстандагы Япониянын элчилигинин;

- Кыргызстандагы Венгриянын элчилигинин;

- Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчилигинин;

- ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун;

- КМШнын байкоочулар миссиясынын;

- Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын;

- ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын;

- КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын;

- ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү.

Ошентип, БШК бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 297 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.