Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Бир шайлоочу бир гана талапкерди шайлай алат

Шайлоо Загрузка... 26 Сентябрь 2025 12:02
iStock_78144501_LAR.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо бир шайлоочу бир гана талапкерди шайлай алат. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигинин түз эфиринде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева билдирди.

Анын айтымында, эгер бир округдан 3 депутат шайланса, анда бир шайлоочу бюллетендеги 3 талапкерди шайлай алабы деп ойлошуп азыр коомчулукта түшүнбөстүктөр болуп жатат. "Андай эмес. Шайлоодо “бир шайлоочу – бир добуш” принциби иштейт. Эгер шайлоочу бюллетенде бирден ашык талапкерди белгилесе, анда бюллетень жараксыз деп табылат. Ошондуктан, бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере алат", - деди ал.

Эскерте кетсек, күн мурун Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттары өзүн-өзү тараткан. Белгиленгендей, кийинки парламенттин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында өтөт.