Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 40 мүнөттүк "Мүмкүнчүлүктөр эшиги" аттуу даректүү тасманы тартуулады.
Ведомстводон билдиришкендей, анда мамлекеттик колдоонун жардамы менен тобокелчиликке барып, өз ишин түптөп, ийгиликке жеткен жаратман инсандардын окуялары баяндалат.
Тасманын авторлору ийгиликтин артында кандай эмгек турганын көрсөтүү үчүн талааларга, өндүрүш цехтерине барып, ишкерлердин күнүмдүк турмушун чагылдырышкан. Тасмада ар кайсы тармакта эмгектенген адамдардын окуялары камтылган.
Алардын бири — мурда энергетика тармагында иштеген Эрмек Мырзабеков. Ал мамлекеттик банктан жылдык 6 пайыздык жеңилдетилген насыя алып, фермердик чарбасын өнүктүргөн. Ал эми мурда мамлекеттик кызматта иштеген Элдар Тороев мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде Ош шаарында алгачкы олимпиадалык стандарттагы бассейн курган.
Ошондой эле тасмада 16 жыл базарда соода кылып, кийин Ишкердикти өнүктүрүү фондунун колдоосу менен италиялык ресторан ачкан Барчын Матанованын ийгилик жолу бар. Ал эми Ат-Башыда Русланбек Өмүралиев эт комбинатын ишке киргизип, бүгүнкү күндө анын ишканасы экологиялык жактан таза консерваланган эт азыктарын күч түзүмдөрүнө жеткирип келет. Ал эми Бишкекте Кубан Бекбашев өлкөдөгү алгачкы кабель өндүрүүчү заводду ишке киргизип, миңдеген тонна металлды кайра иштетүүдө.
Тасмада ишкердиктин ийгиликтүү жактары менен катар кыйынчылыктары да жашырылган эмес. Мисалы, чарбалардагы малдын кырылышы, ири долбоорлордун өзүн актоосуна көп убакыт талап кылынышы, кабель заводунун чийки затты азырынча чет өлкөдөн ташып келүүгө аргасыз болуп жатканы көрсөтүлөт.
Бирок бир нерсе анык: тасманын башкы каармандары чечүүчү учурда жоопкерчиликти өз мойнуна алып, өз күчүнө жана мамлекеттин колдоосуна ишенишкен. Фильм ушул эки тараптын биргелешкен аракетинин натыйжасын конкреттүү мисалдар аркылуу көрсөтөт.Миллиондогон долларлык логистикалык борбор долбоорун ишке ашырып жаткан ишкер Чыңгыз Алкановдун айтымында, өлкөдө мамлекет ишкердикти колдоону сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да көрсөтө баштаган учур келди.
"Мурда акча ишкерлерде гана бар, мамлекетте жок деп эсептелчү. Азыр абал өзгөрдү. Саясий эрк пайда болуп, чечимдер ыкчам кабыл алынып, мамлекеттик банктар өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү долбоорлорду чындап каржылай баштады", — дейт Алканов.
Ишкердикти колдоо ыкмаларынын өзгөргөнү тууралуу көрсөтүүгө катышкан эки тараптуу өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери да айтып беришти.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиковдун айтымында, фонддор иштөө тартибин ийкемдүү кылып, ар бир долбоорго өзүнчө мамиле жасай баштады.
"Каржылоого коюлган айрым чектөөлөрдү алып салган жаңы ченемдик документтерди иштеп чыктык. Күрөө боюнча талаптарды да жеңилдеттик. Долбоордун тармагына жараша күрөөнүн ордуна 30 же 50 пайыздык камсыздоону кабыл ала алабыз. Айрым учурда бизнестин капиталына тең шерик болуп киребиз же башка каржылоо инструменттерин колдонобуз. Каржылоонун орточо мөөнөтү 10 жылга чейин жетет. Азыр мамлекеттик банктар да ушундай ыкмага өтүп жатышат. Биз бири-бирибизге атаандаш эмеспиз, тескерисинче, бири-бирибизди толуктап турабыз. Экономикада каражат канчалык көп болсо, өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк ошончолук кеңейет", — дейт Новиков.
Өзбекстан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев аймакта кризистерге карабастан экономикалык өсүш уланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, фонд 37 долбоорду тандап алган, алардын 11и аяктаган. Фонддун каржылоо мүмкүнчүлүгү 200 миллион долларды түзөт. Аалиевдин пикиринде, мамлекеттин негизги милдети — ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
"Мамлекеттик банктардын ири көлөмдө насыя бериши өлкө чакан жана орто бизнести каржылоо аркылуу экономиканы каражат менен камсыздап жатканын көрсөтөт. Коңшу өлкөлөрдөгү шарттар менен салыштырып көрөлү. Кыргызстанда улуттук валютада насыялар жылдык 3 пайыздан 10 пайызга чейинки үстөк менен берилүүдө. Бул — кыйла ыңгайлуу шарт. Ал эми Өзбекстанда насыянын жылдык үстөгү 20 пайызга жакын. Анын өзүндө да мындай каражатты алуу үчүн кезекке турушат", — деди ал.
Жылдык 3–6 пайыздык жеңилдетилген насыялар, лизинг, мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ишкердикке олуттуу түрткү берүүдө. Маалыматта белгиленгендей, өткөн жылы өлкөдө жүзгө жакын ишкана ачылган, быйыл да ушундай эле санда жаңы ишканалардын ачылышы күтүлүүдө.
Адистердин айтымында, мындай колдоо аймактардын экономикалык шартын өзгөртүп, чийки затты эмес, даяр продукция чыгарып сатуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Маманов ишкердикти өнүктүрүү үчүн каржылык колдоо менен катар ыңгайлуу бизнес чөйрө, туруктуу эрежелер жана мамлекеттик кызматтардын ачыктыгы да маанилүү экенин белгиледи.
"Бул багытта Салык кызматы ишкерлер үчүн салык шарттарын жакшыртууга жана санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Биздин максат — ишкердикке ашыкча тоскоолдук жаратпаган, түшүнүктүү жана ыңгайлуу салык системасын түзүү", — деп кошумчалады Нурлан Маманов.
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Акимбаева парламент да ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мыйзамдар аркылуу салым кошуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, парламент кризистик учурларда, мисалы, тигүү тармагында көйгөйлөр жаралганда, аларды чечүүгө да катышып, ишкерлер менен диалогго дайыма даяр.
Депутат тасманын кеңири аудиторияга арналганын белгилеп, анын негизги маанисине токтолду.
"Тасмада ийгиликке жеткен адамдардын окуялары баяндалат. Бирок анын негизги мааниси — ар бир ийгиликтин артында эмгек, жоопкерчилик жана өжөрлүк турганында. Ийгилик ага даяр болгон адамга келет, ал өзүнөн өзү жаралбайт", — деди Акимбаева.
"Мүмкүнчүлүктөр эшиги" — бул 40 мүнөттүк даректүү тасма. Ал өз өлкөңдө ийгиликтүү иш ачып, мүмкүнчүлүктөрүңдү ишке ашыруу толук мүмкүн экенин көрсөтөт. Бул үчүн ишкердик чөйрөдө так жана түшүнүктүү эрежелер болуп, мамлекет тоскоолдук жаратпастан, тескерисинче, колдоо көрсөтүшү керек.
Тасманын көрсөтүлүшүнө чейин фойеде өнүктүрүү фонддорунун жана бизнес коомчулугунун көргөзмөсү уюштурулду. Анда уюмдардын өкүлдөрү каржылоо программаларын, колдоо инструменттерин жана ишкердик долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырышты.
Иш-чаранын алкагында "Ишкердикти өнүктүрүү: инвестициялар, каржылоо жана мамлекеттик колдоо" аттуу панелдик талкуу да өттү.
Талкууга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Маманов, "АБанк" ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы Оралбек Чомоков, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков, Өзбекстан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев, Alkanov Group компаниялар тобунун негиздөөчүсү Чынгыз Алканов жана Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков катышты.
Катышуучулар каржылоонун жеткиликтүүлүгү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, мамлекеттик колдоо жана Кыргызстанда ишкердикти мындан ары өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттар тууралуу пикир алышты.
Көрсөтүүгө эл аралык өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулугунун жана ири коммерциялык банктардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле белгилүү блогерлер менен журналисттер катышты.