Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Бишкекте кыш мезгилинде туруктуу жашаган жери жок жарандар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат.
Мэриянын маалыматына ылайык, Октябрь районунда 80 орундуу баш калкалоочу жай ноябрдан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.
"Ленин районундагы "Боорукерлик борборунда" балалуу аялдар үчүн 40 орун каралган. Ал эми Биринчи май районундагы "Коломто" муниципалдык мекемеси 70 орунга ылайыкталган", - деп айтылат маалыматта.
Аталган жайларда жарандарга убактылуу түнөк, ысык тамак, медициналык кароо жана социалдык жардам көрсөтүлөт.
Жардамга муктаж адамдар баш калкалоочу жайларга өз алдынча кайрыла алышат. Зарыл учурда аларды кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жана тез жардам бригадалары жеткиришет.