Борбордо үй-жайы жок жарандар үчүн баш калкалоочу жайлар иш алып барууда. Даректери

Коом Загрузка... 04 Март 2025 11:25
1741003119.jpeg
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар иш алып барууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи май районунун аймагында туруктуу негизде «Коломто» баш калкалоочу жайы Жибек-Жолу проспекти,  №413 дарегинде жайгашкан.

«Коломто» мекемесинин негизги милдеттери төмөнкүлөр:

- убактылуу түнөк менен камсыздоо, акысыз бир жолку тамак берүү;
- медициналык кароо жана алгачкы санитардык тазалоону жүргүзүү;
- муктаждарга гуманитардык кийим-кече берүү;
- карыларды интернат тибиндеги мекемелерге жайгаштырууга көмөктөшүү.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 12 айында жана 2025-жылдын январында жалпы 2 774 адамга социалдык кызматтар көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 299 жарандын документтери калыбына келтирилген, 160 адам үй-бүлөсүнө кайтарылган, 92 адам стационарга жөнөтүлгөн, 1 259 адам амбулатордук дарыланган.

Мындан тышкары, жыл сайын күздөн жазга чейинки мезгилде (ноябрдан апрелге чейин) убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылат.

Ал эми учурда Октябрь районунда 12-кичи район, А. Токомбаев көч., 1а дарегинде жайгашкан убактылуу баш калкалоочу жайда 80 адам бар. Анда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, төшөнчү буюмдары жана дары-дармектер сатылып алынган. Ошондой эле күнүнө бир жолу ысык тамак берилет.

Свердлов районунда Фере көч., 34а дарегинде жылытуу пункту иштеп жатат. Учурда ал жерде 27 адам бар. Бөлмө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дары-дармектер, төшөнчүлөр сатылып алынган жана күнүнө бир жолку ысык тамак менен камсыздалган.

Эске салсак, баш калкалоочу жайларга жарандар өз алдынча кайрылса болот, ошондой эле аларды милиция кызматкерлери жана тез жардам бригадасы алып келиши мүмкүн. Эгерде сиз жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, төмөнкү номерлерге чалсаңыз болот: 102 (милиция), 103 (тез жардам).

"Коопсуздукту камсыздоо максатында бардык баш калкалоочу жайларда РИИБ кызматкери нөөмөттө турат. Ошондой эле үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медицина кызматкерлери тийиштүү медициналык жардам көрсөтүшөт",-деп айтылат маалыматта.