“Мөлмөл” оркестри Индияда өткөн эл аралык фестивалда байгеге ээ болду

Маданият 16 Октябрь 2025 16:45
561312632_1113557000936055_7056359327858689947_n.jpg
562326423_1113557014269387_167013667787241821_n.jpg
566225829_1113556877602734_5104246514198459194_n.jpg
562341082_1113556657602756_2805402844809169005_n.jpg
561315368_1113556800936075_493970434466442785_n.jpg
561899108_1113556914269397_5990388239103705169_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Жалал-Абад облустук филармониясынын “Мөлмөл” эл аспаптар оркестри Индияда өткөн IX эл аралык “Рамаяна” фольклордук музыка фестивалына катышып, байгеге ээ болду.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, оркестрдин 12 адамдан турган чыгармачыл курамы фестивалга Кыргызстандын атынан катышып, жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөттү. Иш-чара Индия өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулуп, өлкөнүн бир катар ири шаарларында — Дели, Чандигарх жана Дехра-Дунда өткөрүлдү.

Фестивалга жалпысынан 13 мамлекеттен, анын ичинде Израиль, Армения, Лаос, Индонезия, Мальдив Республикасы жана башка өлкөлөрдөн келген элдик фольклордук ансамблдер катышты.

Кыргызстандык өнөрпоздор бул эл аралык маданий иш-чарада улуттук обондор менен катар “Танцор Диско” фильминен белгилүү “Goro Ki Na Kalo Ki” чыгармасын аткарып, элдин жана уюштуруучулардын өзгөчө кызыгуусуна жана алкоосуна арзыды.

Белгилей кетсек, фестиваль сынак мүнөзүн эмес, ар улуттун музыкалык мурастарын даңазалоого багытталган иш-чара болуп эсептелет. Ага катышкан бардык топторго атайын сертификаттар тапшырылып, “Мөлмөл” эл аспаптар оркестри фестивалдын лауреаты деген ардактуу наамга ээ болду.