Мирзиёев жана Путин Анкориж саммитинин жыйынтыктарын талкуулашты

Борбор Азия 18 август 2025 11:12
Мирзиёев жана Путин Анкориж саммитинин жыйынтыктарын талкуулашты
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Ташкент, 18.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, эл аралык жана эки тараптуу маанилүү маселелерди талкуулашты, деп маалымдады өлкө башчысынын басма сөз кызматы..

Владимир Путин 15-августта Анкориж шаарында өткөн Россия – АКШ саммитинин негизги жыйынтыктары тууралуу өзбекстандык кесиптешине маалымат берди.

Өзбекстан лидери макулдашууларды колдоп, Украинадагы кырдаалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынаарына үмүт билдирди.

Сүйлөшүүдө ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өркүндөтүү, өнөр жай кооперациясынын артыкчылыктуу долбоорлорун ишке ашырууну тездетүү жана бардык деңгээлдеги байланыштарды улантуу маселелери да каралды.