Самарканд, 30.10.25./Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Самарканд шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын салтанатуу ачылышында уюмдун ишин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды билдирди, деп жеринен маалымдайт кабарчыбыз.
Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана бул тармакта жасалма интеллект технологияларын колдонуу эң маанилүү маселелердин бири болуп калды. Ар бир балага, анын мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, сапаттуу билим алууга шарт түзүү зарыл экенин белгиледи.
Мирзиёев ЮНЕСКОнун колдоосу менен өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүчү атайын платформа түзүүнү сунуштады. Ошондой эле ал кесиптик билим берүү боюнча Дүйнөлүк саммит өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты.
Мамлекет башчысы маалыматтык технологияларды мыкты өздөштүргөн жана чыгармачыл ой жүгүрткөн жаңы муунду тарбиялоо маанилүү экенин белгилеп, Өзбекстанда ЮНЕСКОнун катышуусунда жасалма интеллект мектеби боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыларын билдирди. Мындан тышкары, жасалма интеллекттин этикасына арналган эл аралык конференция өткөрүүнү да сунуш кылды.
Экинчи багыт катары президент дүйнөлүк маданий мурастарды сактоо маселесине токтолду. Ал ЮНЕСКОнун "Дүйнө эс тутуму" программасын өнүктүрүү, баалуу кол жазмалар менен архивдик документтерди сактоо жана аларга ачык жетүүнү камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Мирзиёев бул программа негизделген күн — 19-ноябрды Документтик мурастын Эл аралык күнү катары жарыялоону жана ЮНЕСКОнун түзүмүндө Санариптик мурастар боюнча эл аралык институт түзүүнү сунуш кылды.