Мирзиёев Орозо айт майрамынын урматына абактагы 500гө жакын адамга ырайым кылды

Борбор Азия Загрузка... 31 Март 2025 11:55
WhatsApp Image 2025-03-29 at 09.57.32.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.03.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 28-мартта "Жазасын өтөп жаткан, кылган ишине чын жүрөктөн өкүнгөн жана оңолуу жолуна бекем турган адамдардын тобун кечирүү жөнүндө" жарлыкка кол койду, – деп билдирди өлкө президентинин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы Орозо айт майрамынын урматына 488 туткунга ырайым кылган. Алардын ичинен 100ү негизги жазадан толугу менен бошотулду, 268 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылды, 34 кишиге карата дайындалган жаза жумшагыраак жаза менен алмаштырылды, ал эми 86 кишинин эркинен ажыратуу мөөнөтү кыскартылды.

Президент министрликтер менен мекемелерге кечирилген жарандарды үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайтарууну, алардын коомдо татыктуу орун ээлөөсүнө жардам берүүнү, пайдалуу эмгекке тартууну, сергек жашоого көмөк көрсөтүүнү тапшырды.