Садыр Жапаров: Имамидин Ташовдун күнөөсүн тастыктаган далилдер бар

Коом 13 октябрь 2026 13:20
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда "KG Групп" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши боюнча комментарий берди.

Жолугушууда Ташовдун апасы уулуна жалган жалаа жабылганын, анын күнөөсү жок абакта жатканын айтты.

Мамлекет башчысы Ташовго эч ким жалаа жаппаганын айтып, анын күнөөсүн тастыктаган далилдер бар экенин белгиледи. Президенттин айтымында, Ташов бийликти күч менен басып алууга даярданган, курулуш үчүн элден чогулткан каражаттарды башка максаттарга жумшаган.

"Ал ыңкылап уюштурууну көздөп, 450 млн долларлык батирлерди кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө, анда Камчы Көлбаев тирүү эле, ошонун адамдарына балдарынды чыгарып бер деп таратып берген. Акча да тараткан. Ал көп кабаттуу үй куруу үчүн элден акча чогулткан, бирок үйдү курбай, чогулткан акчасын шайлоого жумшаган. Пайдаланууга берилбеген үйлөр да болгон. Күнөөлүү эмес деп жатышат, бирок анын күнөөсүн тастыктаган жүз пайыз далилдер бар. Мен силерге бул жерде ушак айтып жаткан жокмун да. Ал чек араны бузуп, Алматыга чыгып кетип, мына эртең революция кылам деп жатканда түнкү саат 12де кармалган", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал Ташовго ырайым кылуу аркылуу гана бошотуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын июль айында Биринчи май райондук соту Имамидин Ташовду бийликти күч менен басып алуу, бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыраткан. Апелляциялык арыз каралгандан кийин Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүн 8 жылга кыскарткан.