Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун тургундарынын кайрылуусуна жооп берип, жасалма документтер боюнча соттолгон аял менен күйөөсүнө ырайым берүү маселесин кароону тапшырды.
Жолугушууда Кировка айылынын тургуну Гүлнара Кадыркулова кызы Айганыш менен күйөө баласы Данияр Таалайбековдун иши боюнча ырайым сурады. Анын айтымында, экөө 2024-жылы жасалма документтерге байланыштуу кылмыш иши боюнча соттолуп, кызы 6 жыл 8 айга, күйөө баласы 6 жылга эркинен ажыратылган.
Анын билдиришинче, бул ишке тиешеси бар эки клиниканын жетекчилеринин бири пробацияга чыгып, экинчиси акталган. Ал эми кызы менен күйөө баласы жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Садыр Жапаров экөөнө тең ырайым берүү боюнча өтүнүч жазып, тиешелүү комиссияга жөнөтүүнү сунуштады. Комиссиянын чечими президентке берилгенден кийин маселе каралат.