Соттолгондор тигүүчү жана бариста кесиби боюнча окуудан өтүштү

Коом 3 июль 2026 13:15
737730451_1000402215958862_5067239266149394501_n.jpg
734067612_1000402289292188_7157571125826138062_n.jpg
734210333_1000402189292198_2369988973731103596_n.jpg
736225751_1000402135958870_6121463264005719238_n.jpg
737674871_1000402255958858_4213246721315355289_n.jpg
Алдыга
Артка
737730451_1000402215958862_5067239266149394501_n.jpg
734067612_1000402289292188_7157571125826138062_n.jpg
734210333_1000402189292198_2369988973731103596_n.jpg
736225751_1000402135958870_6121463264005719238_n.jpg
737674871_1000402255958858_4213246721315355289_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 мекемесинин алдындагы №4 кесиптик-техникалык окуу жайында 5 айлык окуу программасын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окууну аяктаган соттолгондорго тигүүчү жана официант-барист адистиктери боюнча кесиптик сертификаттар ыйгарылды. Жалпысынан 61 соттолгон окуудан өттү.

"Аталган кесиптик билим берүү программалары соттолгондордун эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, аларды коомго кайра ийгиликтүү адаптациялоого жана келечекте эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адис катары калыптандырууга багытталган. Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында соттолгондор үчүн 23 багыт боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 2025–2026-окуу жылынын башында түзөтүү мекемелеринде жалпы 722 соттолгон кесиптик окууга кабыл алынып, окуу мөөнөтү кесиптин өзгөчөлүгүнө жараша 5 айдан 10 айга чейин уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө №1, №2, №8, №10, №16 жана №27 мекемелеринде жайгашкан 6 кесиптик окуу жайда жана алардын филиалдарында соттолгондор эмгек рыногунда талап кылынган 15 кесип боюнча билим алышууда. Жалпы эсеп менен 681 соттолгон окуудан өтүп жатат.