№27 абакта соттолгондордун укуктары бузулгандыгы аныкталды

Коом 17 март 2026 18:22
653712366_932884806374069_214204641994355640_n.jpg
651146126_932884716374078_5367526533881378015_n (1).jpg
651176730_932884803040736_23364395923392389_n.jpg
652374313_932884899707393_5241787150916980330_n.jpg
653473743_932884799707403_2511780215726392194_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. 26-февралда Жаза аткаруу кызматынын №27 мекемесинде соттолгондордун укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Абак ашыкча толуп, ар бир адамга белгиленген аянт нормасы сакталган эмес. Учурда абакта 1 102 жаран жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Абактагы бир жаранга турак жайдан эки чарчы метр туура келиши керек эле. Бирок №27 мекемеде бир соттолгонго орточо 1,6 чарчы метр туура келет.

Акыйкатчы институтунан белгилешкендей, аталган мекеме 2023-жылга чейин 750 соттолгонго гана ылайыкташтырылган. Ал эми быйыл абактагы орундар 2000ге чейин көбөйтүлүп, бирок кошумча имараттар курулган эмес.

Мыйзам талаптарына ылайык, колониянын сыйымдуулугу турак жай аянтына жараша аныкталышы керек. Акыйкатчы институту Жаза аткаруу кызматына №27 мекеменин аянтын мыйзам талабына ылайык кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, сунуш жөнөттү.