Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Акыйкатчы институту Кызыл-Кыя шаарында үч баланын билим алууга болгон укугун коргоп, алардын мектепте окуусун улантууга жардам берди.
Аталган институттан билдиришкендей, акыйкатчыга Кызыл-Кыянын тургуну жакын туугандарынын үч баласын шаардагы №2 жалпы орто билим берүү мектебине кабыл албай жатканын айтып арызданган.
Жарандын айтымында, туугандары чет өлкөдөн эмгек миграциядан кайтып келишкен. Алардын балдары орусча билим алып калышкандыктан Кызыл-Кыядагы жалгыз орус тилдүү мектепке берүүнү каалашкан.
Арыздануучу аталган мектеп директорунун орой мамилесине жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин көңүл коштугуна дагы даттанган.
Акыйкатчы мнституту Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасына, шаардык билим берүү бөлүмүнө жана мэрияга арызда айтылган жагдайды аныктап, тиешелүү иш-аракеттерди көрүү тууралуу суроо-талаптарды жөнөткөн.
Билим берүү бөлүмүнүн маалыматында №2 мектепте окуучулардын саны ашыкча болуп, бир класста 60 баладан окушкандыктан балдар кабыл алынган эместиги айтылган.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын берген маалыматына ылайык, балдардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо максатында Пушкин атындагы №4 жалпы билим берүү мектебине жайгаштырылды.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери Акыйкатчы институтуна билим алуу укугуна байланыштуу 44 кайрылуу түшкөн.