Ажиевдин апасы президентке ырайым сурап январда кайрылган – Аскат Алагөзов

Коом Загрузка... 06 Март 2026 12:40

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Даниэл Ажиевдин апасы президент Садыр Жапаровго баласына ырайым кылуу өтүнүчү менен январдын башында кайрылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык тармакта президенттин телефонуна Ажиевдин апасынын видео кайрылуу жөнөткөнүнө күмөн санагандар болууда.

Буга байланыштуу Аскат Алагөзов аталган видеону баракчасына кошо тиркеди.

“Соцтармакта “Кантип эле президенттин жеке WhatsApp номерине кайрылсын” деген өңдүү күмөн саноолор болуп жаткандыктан төмөндө Ажиевдин апасынын видео кайрылуусун жана ал салган телефон номердин сүрөтүн жүктөйм”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Даниэл Ажиев аттуу жаранга ырайым берилгенин билдирген. Ошондой эле Садыр Жапаров Ажиевдин апасы вотсап номерине түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылганын кошумчалаган.

Анда апасы келини 4 баласы менен кыйналып жатканын, бир баласы майып, жашоо-турмушу аябай оорлошконун айтып, баласына ырайым берүүнү суранган.