Мирзиёев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун стратегиялык маанисин белгиледи

Борбор Азия Загрузка... 11 Октябрь 2025 16:53
WhatsApp Image 2025-10-11 at 16.23.32.jpeg
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 11.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Азербайжанда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитиндеги сөзүндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорунун стратегиялык маанисин белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин айтымында, бул долбоор эл аралык транзиттик коридорлорду өнүктүрүүдө, түрк мамлекеттеринин транспорттук байланышын чыңдоодо жана атаандаштыкка жөндөмдүү Ортоңку коридорду калыптандырууда маанилүү ролго ээ.

"Эгерде Ортоңку коридор Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жана келечектеги Трансафган коридору менен туташса, биздин кеңири аймакта көп тармактуу стратегиялык магистраль системасы түзүлөт", — деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын лидери транспорт тармагындагы демилгелер быйыл 12-ноябрда Ташкентте өтө турган эл аралык форумда кеңири талкууланаарын белгиледи.