Мирзиёев: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Евразиялык байланыштардын жаңы баскычы

Борбор Азия Загрузка... 18 Июнь 2025 11:52
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.06.25. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы Евразия мейкиндигиндеги жаңы транспорттук жана транзиттик байланыштар системасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Астана шаарында өткөн «Борбордук Азия – Кытай» саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азия менен Кытайдын транспорттук байланыштарын өнүктүрүү — Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигинде көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Өзбек лидери бул стратегиялык багытта келечекке болгон жалпы көз карашты иштеп чыгуу максатында транспорттук ведомстволорго эксперттик топторду түзүүнү, талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүнү, логистикалык инфраструктураны жаңыртуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү жана жүктөрдү альтернативдүү коридорлор аркылуу ташуу боюнча пилоттук долбоорлорду жүзөгө ашырууну сунуштады.

«Бул стратегиялык чөйрөдөгү келечекке болгон жалпы көз карашты иштеп чыгуу үчүн биздин транспорттук ведомстволорго эксперттик топторду түзүү тапшырмасын берүү зарыл деп эсептейм», — деп баса белгиледи президент.

Анын айтымында, бул топтордун ишинин жыйынтыгында кийинки жолугушууга чейин транспорттук коридорлордун бирдиктүү картасын жана заманбап транзиттик инфраструктураны түзүү боюнча так жана негиздүү сунуштар иштелип чыгышы керек.