Ташкент, 11.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-августта Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Азербайжан менен Армениянын Вашингтондо тынчтык декларациясына кол коюусун "тарыхый окуя" деп баалады, деп маалымдайт мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
Мирзиёев жакын арада тынчтык келишиминин расмий түрдө түзүлүшү Түштүк Кавказдагы тынчтыкка, туруктуулукка жана өнүгүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Тараптар, ошондой эле, узбек-азербайжан стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Белгилей кетсек, АКШнын ортомчулугу менен 8-августта Вашингтондо Азербайжан жана Армения лидерлери тынчтык мамилелери жөнүндө декларацияга кол коюп, тынчтык келишимин толук даярдап бүтүрүү ниетин тастыкташты. Документке Түштүк Кавказ аркылуу өтүүчү "Трамп маршруту" аттуу коридордун долбоору да киргизилди.