Минскте Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Экономика Загрузка... 25 Ноябрь 2025 14:00
3296de0b-79f3-4688-a8e3-88065b8355c6.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Минск шаарындагы ишкердик жумалыгынын алкагында өттү.

Иш-чара кыргыз-беларусь соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды түзүү максатында уюштурулган.

Жолугушууга Беларусь парламентинин депутаттары, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле айыл чарба, туризм, текстиль, курулуш, медицина, мунай, оор өнөр жай, IT-тармактарындагы компаниялардын жетекчилери катышты.

Элчи Султанбаев Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип, беларус ишкерлерин өлкөдө биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Жолугушуу жандуу диалог форматында уланып, анын жүрүшүндө элчи беларусь ишкерлерин кызыктырган суроолорго жооп берди.

Катышуучулар Кыргызстандын туристтик потенциалына арналган экспозицияга өзгөчө көңүл бурушуп, ал делегаттарга туризм тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга жана бул жаатта биргелешкен долбоорлор боюнча пикир алмашууга мүмкүндүк берди.