Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. 16-июлда Минск шаарында Кыргызстандынэлчиси Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Павел Утюпин менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле КМШ жана ЕАЭБ өкмөт башчыларынын 2025-жылдын сентябрынын аягына пландаштырылган жолугушууларынын алкагында боло турган иш-чараларга даярдыктарды кеңири талкуулашты.