Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Маркетинг жана бааларды изилдөө улуттук борборунун директору Николай Борисевич менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын июнь айына Минск шаарында пландалып жаткан кыргыз-беларус бизнес форумуна даярдыктарды талкуулашты.
Форумдун жүрүшүндө өнөр жай ишканаларына баруу жана төмөнкү тармактарда B2B сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү пландаштырылууда: айыл чарба, жеңил жана оор өнөр жай, фармацевтика.