Минкаб төрагасы тик учак менен Такыр-Төр көлүнүн үстүнөн кароо жүргүзүүдө

Коом 27 июнь 2025 19:34
685eb5cfc9ff9.jpeg
685eb5d5c369d.jpeg
685eb5d588c29.jpeg
685eb5d509414.jpeg
685eb5d4d88ed.jpeg
685eb5d3cafb8.jpeg
685eb5d3825d2.jpeg
685eb5d2aba1c.jpeg
685eb5d23489a.jpeg
685eb5d05f29d.jpeg
Алдыга
Артка
685eb5cfc9ff9.jpeg
685eb5d5c369d.jpeg
685eb5d588c29.jpeg
685eb5d509414.jpeg
685eb5d4d88ed.jpeg
685eb5d3cafb8.jpeg
685eb5d3825d2.jpeg
685eb5d2aba1c.jpeg
685eb5d23489a.jpeg
685eb5d05f29d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тик учак менен Такыр-Төр көлүнүн үстүнөн визуалдык кароо жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Учурда Бообек Ажикеевдин тапшырмасы жана жеке көзөмөлү алдында Алмалуу, Тоолуу Серафимовка жана Төмөнкү Серафимовка айылдарындагы 180дей адам жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн тургундары толугу менен коопсуз жайга эвакуацияланды.

”Такыр-Төр көлүнүн абалын тактоо жана көлдөн келип жаткан суунун агымын көрүү боюнча иштер үзгүлтүксүз уланып келген. Ошондой эле жеринде көзөмөл пункту уюштурулуп, жумушчу топ күчөтүлгөн режимде күнү-түнү көзөмөлдөп турушкан. Мындан тышкары атайын техникалар тартылып, даярдыктар уюштурулган“, - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.