Министрлик: Катуу ысыкта иш күнүн кыскартуу мыйзамда каралган эмес

Коом Загрузка... 13 Июль 2026 15:20
719032620_3866980770111760_5949343177126702334_n (1).jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги абанын аномалдуу жогорку температурасына байланыштуу иш күнүнүн узактыгын милдеттүү түрдө кыскартуу Эмгек кодексинде каралбаганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, ошол эле учурда иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.

Ошондой эле министрлик эмгекти коргоо боюнча талаптарды сактоо ар бир иш берүүчүнүн мыйзамдагы милдети экенин эскертип, бул кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталганын белгиледи.