Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоочуларды унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө өз убагында алмаштырып алууга чакырды.
Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 1-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы төмөндөп, жолдор тайгак жана кооптуу болушу мүмкүн.
Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары аба ырайынын өзгөрүшүнө даяр экенин билдирип, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана каршы тилкеге чыкпоого чакырат.