Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бери оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарда жашаган 3 606 бала аныкталды.
Эмгек министрлигинен билдиришкендей, балдарга карата алардын бакубаттуулугун калыбына келтирүүгө, коопсуздугун камсыз кылууга жана укуктарын коргоого багытталган чаралардын комплексин камтыган баланы коргоо боюнча жекече иш-аракеттердин пландары иштелип чыгып, бекитилет. Жалпысынан 2 097 жекече план бекитилип, аларды ишке ашыруунун натыйжасында 1 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды.
"Мындан тышкары, 2026-жылы оор турмуштук кырдаалда турган 1 937 үй-бүлө аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата 260 үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды. Аларга зарыл болгон социалдык жардам көрсөтүлүп, билим алууга жана жумушка орношууга көмөк көрсөтүлдү, керектүү документтери калыбына келтирилди жана башка колдоо чаралары берилди",-деп айтылат маалыматта.