Министрлер кабинети дары-дармектерге рецепт жазуу тартибин бекитти

Ден соолук Загрузка... 10 Сентябрь 2025 14:30
62749dcf337ea.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинети Кыргыз станда дары-дармектерге рецепт жазуу тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ калкты дары-дармек менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Бул токтом менен дары-дармектерге рецепт жазуу эрежелери, дары-дармектерди рецепт боюнча берүү эрежелери, саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектерге талаптарды (заявкаларды) жазуу жана тариздөө тартиби, рецепт бланктарын сактоо эрежелери бекитилди.

Рецепт боюнча берилүүчү дары-дармектер эл аралык патенттелбеген аталыштары менен латын тилинде электрондук форматта жана/же кагаз жүзүндө – бекитилген үлгүдөгү рецепт бланктарында жазылары белгиленди.

Саламаттык сактоо министрлигине ушул токтом менен бекитилген рецепт бланктарынын формаларын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көбөйтүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.